Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын жумушчу тобу кыргыз-өзбек чек арасын делимитация жана деморкациялоо маселелери боюнча Өзбекстан Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын жумушчу тобу менен жолугушууга кетти. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматынын камсыздоо бөлүмү маалымдайт.
2017-жылдын 5-13-август аралыгында Өзбекстан Республикасынын Наманган шаарында кыргыз-өзбек чек араларын тактоо маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүнүн жумушчу топторунун ортосунда кезектеги жолугушуулары өтөт.
Эскерте кетсек, сүйлөшүүлөр кайрадан жүргүзүлө баштагандан тартып, 2016-жылдын август айынан 2017-жылдын августуна чейин тараптардын Өкмөттүк делегациялары он беш жолу жолугушуу өткөргөн.
Бардык жолугушуулар конструктивдүү жана достук маанайда өтүүдө. Жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусунан кийин тиешелүү протоколго кол коюлат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ