Menu

Европа биримдиги Кыргызстандын билим берүү тармагын өнүктүрүүгө 10 миллион евро бөлдү

Бөлүшүү:

Европа биримдиги Кыргызстандын билим берүү тармагын өнүктүрүүгө 10 миллион евро бөлдү. Билим жана илим министрлиги кабарлагандай, бул каражат билим берүү секторуна бюджеттик колдоо көрсөтүү үчүн колдонулат.

Долбоордун максаты – жалпы жана кесиптик-техникалык билим берүү системасын реформалоого жардам берүү, окутуунун жана педагогикалык стандарттардын сапатын жакшыртуу.

Каражат бөлүү боюнча келишим ратификациядан өтүп жатканда Жогорку Кеңеште ушул эле акчага окуу китептерин сатып алуу, мектепке чейинки билим берүү мекемелерин каржылоо жана бардык мектептерге интернет өткөрүп берүү жагы каралышы керектиги айтылган.

Кыргызстан менен Европа биримдиги ортосундагы билим берүү тармагындагы кезектеги кызматташтык келишими 2010-жылга чейин эсептелген. Анын алкагында жалпысынан 36 миллион евролук жардам каралган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: