Борбор калаабыздын чок ортосунда алыс-жакындан келген конокторго байыркы кыргыз элинин тарыхы менен маданиятынан маалымат бере турган Мамлекеттак тарых музейи бар. Бирок чатырынан тамчы өткөн бул маданий мекемени оңдоого өкмөттүн акчасы болбогондуктан, Туркиянын ТИКА уюму кол-кабыш кылып, эки жылдан бери реконструкция иштери жүрүүдө. Ал арада музейден көптөгөн баалуу экспонаттар жоголуп кеткендиги эл арасында көптөн бери айтылып жүрөт. Элибиздин тарыхы менен маданиятына жасалган варварчылык мамиле жогору жактагыларга чейин жеткенби, Жогорку Кенештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин алкагында Кыргызстандын музейлеринде жоголуп кеткен экспонаттардын жоголушун изилдөө боюнча комиссия түзүлдү. Мындай сунуш киргизген КСДП фракциясынын депутаты О.Артыкбаев Бишкектан Орто Сай базарынан арзан баага эски тыйын сатып алганын, кийин адистер анын XII кылымга таандык буюм экенин аныктаганын билдирди. Депутат бул буюм музейлерден уурдалып кеткен буюм болушу мүмкүн экенин, Кыргызстандагы музейлерден жоголгон экспонаттар чет өлкөдө аукциондордо сатылып жатканын белгиледи. Мурда да Коопсуздук кеңешинин жумушчу комиссиясы Маданият министрлигинде коррупциялык 26 кооптуу жагдай бар экенин аныктап, он жыл ичинде тарых музейинен 503 экспонат жоголгонун жарыялаган. Кыскасы, маянасы аз маданият кызматкерлери колго тийген буюмдарды соодалоого өтүшкөн окшойт…
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ