Menu

“Динамо” коомунун 90 жылдыгына арналган спорттук мелдештер башталды

Бөлүшүү:

2017-жылдын 20-21-декабрь күндөрү Кыргызстандын спортунун өсүп-өнүгүшүнө зор салым кошуп, жүздөгөн спорт чеберлерин, олимпиада, дүйнө чемпиондорун тарбиялап, милициянын мыкты адистерин даярдоого үлүш кошкон “Динамо” спорттук бирикмесинин 90 жылдык мааракесине арналган спорттук мелдеш өтүүдө. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Динамиада мелдештеринин салтанаттуу ачылыш аземи 20-декабрда  Бишкек шаарындагы “Динамо” спорт коомунун Түштүк спорт комплексинде (дареги: Ташкөмүр көчөсү-2) башталып, Эл аралык «Динамо» коомунун жетекчилери, коңшу мамлекеттердин расмий меймандары катышты. Андан сырткары бул майрамдык иш-чарага Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Курсан Асанов, “Динамо” коомунун уюштуруучу комитети, динамо ардагерлери, спортчулар жана коомдук ишмерлер катышты.

Спорттун 7 түрү: жеңил атлетика, тогуз коргоол, дарс, шахмат, стритбол, ордо, кол күрөш, ок атуу жана күжүрмөн самбо боюнча спорттук мелдештер өтүүдө.

19-декабрда тогуз коргоол, дарс жана шахмат боюнча мелдештер болду.

20-декабрда стритбол мелдеши Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин спорт залында башталган.

20-декабрда кол күрөш, ок атуу мелдештери  Бишкек шаарындагы “Динамо” спорт коомунун Түштүк спорт комплексинде (дареги: Ташкөмүр көчөсү-2) башталган.

20-декабрда кыргыздын улуттук оюну ордо боюнча мелдеш Бишкек шаарындагы Кыргыз Мамлекеттик дене тарбия, спорт академиясынын Манежинде башталган.

21-декабрда саат 9.30да Бишкек шаарындагы Кыргыз Мамлекеттик дене тарбия, спорт академиясынын Манежинде жеңил атлетка мелдештери башталат.

21-декабрда саат 9.00дө “Динамо” спорт коомунун Водопровод көчөсүндөгү спорт залында күжүрмөн самбо боюнча мелдештер башталат.

21-декабрда саат 10.00дө Бишкек шаарындагы “Динамо” спорт коомунун Түштүк спорт комплексинде (дареги: Ташкөмүр көчөсү-2) ок атуу мелдештери улантылат.

21-декабрда саат 10.00дөн 12.00гө чейин Бишкек шаарындагы “Орион”мейманканасынын салтанат залында (дареги: Эркиндик гүлбагы-21) Эл аралык “Динамо” уюмдарынын Координациялык кеңешинин Кыргыз Республикасынын Ички Иштер министрлигинин “Динамо” спорттук коомдук бирикмесинин 90 жылдыгына арналган жыйыны болот.

Ошондой эле, 22-декабрда саат 12.00дө Бишкек шаарындагы “Динамо” спорт коомунун Түштүк спорт комплексинде (дареги: Ташкөмүр көчөсү-2) 90 жылдык мааракеге арналган эл аралык мелдештердин салтанаттуу жабылыш аземи болот.

Белгилей кетсек, Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан чыгаан спортчулардын көбү “Динамо” спорт коомунун мүчөлөрү болушат. Мисалы, тапанча атуу боюнча дүйнөнүн 8 жолку, Европанын 7 жолку, СССРдин 13 жолку чемпиону, Москва олимпиадасынын чемпиону, маркум Александр Меленьтев, Москва олимпиадасынын чемпиону, жеңил атлетиканын узундукка секирүү боюнча СССРге эмгек сиңирген спорт чебери Татьяна Колпакова, Барселона олимпиадасынын чемпиону, баскетболчу Елена Баранова, Атланта олимпиадасынын чемпиону, балбан Юрий Мельниченко “Динамонун” спорт базаларында машыгып, ийгиликтерге жетишкен. Эркин күрөш боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиондору Александр Мишуров, Улан Надырбек уулу эстафетаны улантып, өлкөнүн ар-намысын коргогон жүздөгөн динамочу балбандар тарбияланып келе жатат.
Учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты, самбо жана дзюдо боюнча ардагерлер арасында дүйнөнүн үч жолку чемпиону Таалайбек Масабиров, Жогорку Кеңештин депутаты, бокс боюнча СССР спорт чебери Үмбөталы Кадыралиев дагы “динамочу”. ИИМде кызмат кылуу менен самбо боюнча бир нече ирет ардагерлер арасында дүйнө чемпионаттарында жеңишке жетишкен полковник Талас Бегалиев, подполковник Абдугапар Урбаев, майор Мидин Арыкпаев, капитан Ильичбек Чокеев “Динамо” спорт коомунун сыймыгы.
Кыргызстандын «Динамо» коомунун мүчөлөрү эл аралык турнирлерге, Азия, дүйнө чемпионаттарына ийгиликтүү катышып, байгелүү орундарды ээлеп келет. Бир эле мисал: быйыл Ашхабад шаарында өткөн Азия оюндарында динамочулар 1 алтын, 6 коло медаль утуп, Кыргызстанды дүйнөгө таанытып келишти. Милиция кызматкерлеринин арасында абдан мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен спортчулар көп. Алардын катарында спорттун бир нече түрү боюнча дүйнө чемпиону, Азия чемпиону болуп келгендер да бар.
90 жылдык мааракеге карата, жүздөн ашуун спорттук мелдештерден сырткары спорт базаларын жакшыртуу, оңоо, түзөө иштери аткарылган. 50 жыл мурун курулган ок атуучу жайы (тир) учур талабына ылайык кайрадан жаңыланып, капиталдык ремонттон өткөрүлүп, өлкө жетекчилеринин катышуусу менен ачылганы турат. Андан сырткары Водопровод көчөсүндөгү мурунку союз маалында калган машыгуу залын реконструкция кылып, бокс залы курула башталды. Спорт комплекстеги күрөш залы дагы капиталдык ремонттон өткөрүлүп, ал жерде милиция кызматкерлери ден соолугун чыңдоо үчүн машыгууга бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Учурда спорт ийримдеринде машыгып жаткан жаш балдардын саны 3 миңден ашты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 + = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: