Бишкекте санитардык патруль тарабынан толук кандуу иштеп жаткан кофе ичүүчү жайдын ээсине протокол түзүлдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
“Рейд учурунда текшерүүгө барганда кофе ичүүчү жай өлкөдө болуп жаткан кырдаалга карабастан кардарларын толук кандуу тейлеп жаткан. Ал эми кызматкерлер болсо толук курамда иштеп жатышкан. Мындан тышкары аталган жайда санитардык нормалардын талаптары аткарылбаганы дагы аныкталган. Кафе, ашкана, ресторандарга тамак ташуу кызматын жүргүзгөнгө гана уруксат берилген. Натыйжада кафенин ээсине карата айыппул салуу боюнча протокол түзүлдү”, – деп жазылат маалыматта.
Эскерте кетсек, санитардык жана карантиндик эрежелердин талаптарын бузгандарга экинчи категориядагы айып салынат. Ага ылайык, жеке жактар үчүн 3 миң сом каралган. Ал эми юридикалык жактар үчүн 13 миң сом өлчөмүндөгү айып салынат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ