“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынын жанында 500гө жакын укук коргоо органдарынын кызматкерлери бар. Ал эми премьер-министр Садыр Жапаровдун тарапташтары президенттин отставкасынан кийин да таркашпай жатышат.
Милициянын көпчүлүгү эс алып, тосмонун жанындагы тротуарларда тамактанып жатышат. Алар Садыр Жапаровдун тарапташтары мамлекеттик резиденцияга карай жүрүш жасайбыз деп жарыялагандан кийин тартипти сактоого тартылган.
Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кеткени белгилүү болгон.
Бирок, “Ысык-Көл” мейманканасында нааразы болгондор тарап кетүүнү көздөбөйт. Эми алар парламенттин таркатылышын жана спикер Канат Исаевдин кызматтан кетишин талап кылышууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ