Menu

«Өнүгүү-Прогресс» БШКны сотко берет

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер Нурдин Абдылдаевдин мэр шайлоо боюнча протоколдорун жокко чыгаруу боюнча арызын канааттандырбоо тууралуу БШКнын 18.01.17-ж. чечими сотто каралат. Бул тууралуу «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын катчылыгынан билдиришти.

«Бизде мэрди шайлоо регламент талап кылгандай, Бишкек шаар кеңешинин сессиясы убагында өтпөгөнү боюнча тиешелүү документтер жана видеоматериалдар бар. Ошондой эле биз добуш берүү бюллетендеринин 7синде ашыкча белгилердин болушун каттадык. Албек Ибраимовдун тарапташтары уюштурган митингди добуш берүүчүлөрдүн эркине басым жасоо катары сыпатташ керек. Бул фактылардын бардыгы Бишкек шаарынын мэрин шайлоо мыйзам бузуулар менен коштолгонунан кабар берип турат. Биз ММКларга «Борбор калаанын статусу жөнүндө», «Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө» Мыйзамдары жана ошондой эле шаар кеңешинин регламенти бузулганы боюнча тиешелүү материалдарды жибергенбиз. Бирок, тилекке каршы, БШК буга көз жуумп, мэр шайлоодо эч кандай мыйзам бузуулар болгон эмес деген негизсиз чечим чыгарды», – деп фракциянын катчылыгынан билдиришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 − 40 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: