Бүгүн, 15-октябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясына жакын “Ысык-Көл” мейманканасынын алдына чогулган Садыр Жапаровдун миңден ашык тарапташтары президент Жээнбековдун отставкасынан кийин, эми кечээ, 14-октябрда шайланган спикер Канат Исаевдин отставкасын жана Жогорку Кеңештин таркашын талап кыла башташты.
Алар “Садыр Жапаров биздин президент!”, “Исаев кетсин!” жана “120 депутаттын кереги жок!” деген чакырыктар менен турушат.
Эгер Канат Исаев отставкага кетип, парламент тараса Кыргызстандагы бийликтин үч бутагы тең – Премьер-министрдин, Президенттин, парламенттин бийлиги бир колго – Садыр Жапаровдун колуна топтолот.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ