Menu

Эрксиз адамды башкалар да жакшылыктуу коргой албайт экен

Бөлүшүү:
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев менен жолуккандан кийин күтүүсүздөн кызматынан чегинди. Ага чейин ал Роза Отунбаева, Феликс Кулов, Абдыганы Эркебаев, Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров жана башкалар менен жолукканда, кызматында кала берээрин айткан. Президенттин кызматтан кетээри тууралуу алгач Садыр Жапаров – 10-октябрда премьер болуп шайланып жатканда билдирген.
«Сооронбай Шарипович менен жолуктум жана бул жерден. Жолуктум, арыз берип кетем деди, азыр сиздер бекитип берсеңиздер өкмөттүн программасын, структурасын, составын. Ал – арыз жазып, мен кетем деп өзүнүн сөзүн айтты», – деп айткан Садыр Жапаров 10-октябрда депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып.
Ошондой эле пикирди Жапаров 10-октябрда премьер болуп шайлангандан кийин журналисттерге да айткан. Жапаров өкмөттүн өтө кыска прогораммасын тартуулаган жана көптөгөн депутат, саясатчы менен башка эксперттер ал жыйында кворум болгон эмес, башка эрежелер да сакталбай калган деп билдирген, айрымдар болсо – жыйын коркутуу-үркүтүү менен өткөрүлдү деп чыккан, бирок Жапаров өзүн өтө ишенимдүү алып жүргөн.
«Президент менен жолукканда ушу бүгүнкү күндү талкууладык. Эгерде азыр депутаттарда кворум болуп, жыйыналып, бүгүн бекитип берсе менин кандидатурамды жана өкмөттүн курамын, бардыгын бекитип, ушул процедура бүткөндөн кийин 2-3 күндүн ичинде арыз жазып берем деп сүйлөштүк. Арыз жазып берет», – деди журналисттерге Садыр Жапаров ошол эде 10-октябрь күнү.
Кечээ күнү, 14-октябрда, журналисттер менен дагы бир жолукканда Жапаров – ошол жыйындан кийин президентке барып, убадасын аткарууну талап кылаарын билдирген. Анын тарапкерлери Жээнбековдун кызматтан кетиши үчүн митинг өткөрүп турган жана кечинде Жапаров аларга кайтып келип, президент эртең мененки саат 11ге чейин убакыт сурады, эртең сөзсүз кызматынан кетет деп айткан.
Жапаровдун тарапкерлери Жээнбековдун кызматтан чегинишин – ал 4-октябрда өткөн шайлоонун адилетсиз өткөнү үчүн күнөөлүү, эл ага каршы чыкканда, коркуп кетип, Ак үйдөн качып кеткен, ал көзөмөлдөгөн күч түзүмдөрүнүн жетекчилери дезертирге айланганы үчүн дагы жооптуу деп күнөөлөп келет. Дагы бир себеп – эгер президент менен спикер кызматынан кетсе, мамлекетти премьер – Жапаров – башкарып калат.
Айрым саясатчылар – президенттик кызматында Жээнбеков мөөнөтү аяктаганга дейре же жок дегенде жаңы Жогорку кеңеш шайланганга чейин кала бериш керек деп келген жана аны – мамлекетте бийлик бутактарынын баары легитимдүү болууга тйиш, парламент өтө алсыз, өкмөт болсо улам алмашып жаткан учурда президенттик бийликтин туруктуу болгону өтө маанилүү экени менен түшүндүргөн. Ошондуктан көп саясатчы президентти коргоого алган.
«Ушул секунддан баштап Кыргызстанда эки гана оппозиция бар, алардын бирөө – сырткы күчтөр, ошолорго жалданып, акча сураган Кыргызстандын кээ бир саясатчылары жана бандиттер. Калганыбыз бир экенибизди далилдей алдык. Мени эч ким кошоматчы деп айта албайт, «Ата-мекен» фракциясын эч ким кошоматчы деп айта албайт. Ушул мүнөттөн баштап президент Сооронбай Жээнбековго ким каршы чыкса, мен аны Кыргызстанга каршы чыкты деп айта алам», – деди ЖК депутаты Каныбек Иманалиев 13-октябрда.
Бийликтин легитимдүүлүгү тууралуу маселе Кыргызстанда мурда да чыккан. 2005-жылдын мартында президент Аскар Акаев качып кеткенде, Өмүрбек Текебаев жетектеген парламенттик өкүлчүлүк атайын Маскөөгө барып, аны – кызматтан чегиниши тууралуу кагазга кол койдурган. 2010-жылы Курманбек Бакиев качып кеткенде кызматтан кетиши тууралуу арызды ал Бишкекке факс аркылуу салып жиберген.
Европа биримдиги менен башка эл аралык уюмдар акыркы күндөрү – Жээнбековду легитимдүү президент катары тааныганын билдирген, аны менен катар 13-октябрда Жогорку кеңештин шашылыш сессиясы өткөрүлүп, жаңы спикер болуп Канат Исаев шайланган жана бардык бийлик бутактары легитимацияланган. Бирок эми Жапаровдун тарапкерлери Жогорку кеңештин таркап кетишин талап кыла баштады жана андай болгондо мамлекетти премьер – Садыр Жапаров – башкарып калат. Окуялар ошол жакка өнүгүп бара жаткандай. Кеп ошондо.
https://www.facebook.com/narynaiyp/videos/2078457178955480
Булак: “5 канал”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: