Бүгүн, 27-ноябрда ачкачылык жарыялаган саясатчы Бектур Асановдун абалы оорлошуп кетти. Бул туралуу “Азия ньюс” гезитинин редактору Асланбек Сартбаев Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазып чыкты.
“Саясатчы Бектур Асанов кургак ачкачылыкта отурат. Абалы оорлошо баштады…” – деп жазган ал.
Белгилей кетсек, саясатчы ачкачылыкты бүгүн саат кечки 5те баштай турганын билдирген. Ачкачылык жарыялоонун себебин БШКнын документтерин кайтарып берүүсү жана 2016-жылы козголгон иш боюнча соттук отурум 26-ноябрда 10-декабрга жылдырылышы менен түшүндүргөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ