Menu

Түркмөнстанда элди жапырт эмдөө башталды

Бөлүшүү:

Түркмөнстанда калкты жапырт эмдөө башталды. RFE/RL радиосунун түркмөн кызматы кабарлагандай, эмдөөдөн өтүү милдеттүү болуп эсептелет.

Ушул тапта жаштар, тобокел тобундагы кишилер жана кош бойлуу аялдар эмдөөдөн өтүүдө. Эгер жаран эмдөөдөн баш тартса, ал башка кишилерге оору жугузса кылмыш жоокерчилигине тартыларынан кабардар экенин тууралуу тил кат жазышууда. Ошол эле маалда эмдөө кандай максатта жүрүп жатканы айтылган жок.

RFE/RL радиосунун түркмөн кызматынын кабарчысы бейтапканалардын биринен препараттын бош кутусун алууга жетишкен. Анда вакцина Түштүк Кореядан 2018-жылы чыкканы жана сасык тумоого каршы экени жазылган.

Түркмөнстанда быйыл сентябрда Кылмыш Кодексине өзгөртүү киргизилген. Ага ылайык, СПИДди атайлап жуктуруу, эпидемиялык мүнөзгө ээ жугуштуу оорулардан дарылануудан качуу үчүн эки жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Түркмөнстан бийлиги өлкөдө коронавирус инфекциясы каттала элек экенин билдирип келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: