Кайра парламенттик шайлоо 20-декабрга белгилениши мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда журналисттерге БШКнын башчысы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Анын айтымында, Жогорку Кеңешке кайталап шайлоолор эки айдын ичинде өткөрүлүп, 4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыктары жараксыз деп табылган күндөн тартып бир айдын ичинде белгилениши керек.
Эскерте кетсек, 6-октябрда Бишкекте массалык башаламандыктардан кийин БШК шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп табууга аргасыз болгон.
БШКнын башчысы белгилегендей, жаңы шайлоо декабрь айында белгиленет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ