Menu

Канат Исаев: “Мыйзамда экс-президент үчүн каралган кепилдиктер Сооронбай Шариповичке ыйгарылса туура болот”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 16-октябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүп жатат. Күн тартибинде Сооронбай Жээнбековду президенттик кызматтан кетирүү маселеси каралат.

Жыйында төрага Канат Исаев Сооронбай Жээнбековго экс-президент статусун жана бардык артыкчылыктарды калтырууну сунуш кылды.

Ал президент кан төгүүнүн алдын алуу үчүн ушундай кадамга барган, ал муну өз билдирүүсүндө түшүндүргөнүн кошумчалады.

“Өлкө тарыхында ал татыктуу инсан катары калат деп ишенебиз. Анын аракетинин аркасында айылдарды ичүүчү суу менен камсыздоо, аймактарды өнүктүрүү ж.б. долбоорлордун натыйжалары бар. Жээнбековдун тышкы саясаты ийгиликтүү болуп, коңшу мамлекеттер менен мамилебиз бир кыйла жакшырды” – деди ал.

“Өлкөбүздү, элибизди канга боёбой, кызматтан өз ыктыяры менен баш тартканын эске алып, биздин мыйзамда экс-президенттер үчүн каралган кепилдиктер Сооронбай Шариповичке ыйгарылса туура болот деп эсептейм. Себеби, көчөдөгү эл “кетсин!” деп талап кылып жатканда, биздин мурдагы президенттерибизге окшоп Сооронбай Шарипович өз элинен качып кеткен жок” – деди Канат Исаев.

“Сооронбай Шарипович Жээнбеков бүгүн президенттик кызматтан чоң кадыр-баркы менен башын бийик көтөрүп кетүүдө. Өлкөбүз үчүн абдан оор күндөрдө ал биздин жарандарды ара жолго таштап кетпей, түзүлгөн саясий кризисти чечип, бардыгын укуктук жолго салды. Сизге терең ыраазычылыгымды билдирем, Сооронбай Шарипович. Бекем ден-соолук, бакубат жашоо каалайбыз” – деди Канат Исаев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: