Кыргызстанда биринчи жолу бардык бийлик бир адамдын колуна топтолду. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда депутат Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында билдирди.
Анын айтымында, эгемендүү Кыргызстандын тарыхында бир дагы адам мынчалык эбегейсиз бийликке ээ болгон эмес.
“Садыр Нургожоевич, бүгүн сизде формалдуу гана бийлик эмес, элдин ишеними, чоң үмүтү бар. Бул эбегейсиз бийлик. Бирок мен сиздин абалыңызга суктанбайм, тескерисинче аяйм. Анткени эл чоң максаттарды коюп, алардын тез жана толук аткарылышын күтүп жатат. Аны аткарыш да кыйын. Урмат-сый, сүйүү менен жек көрүүнүн ортосу каш менен кабактын ортосунда экенин унутпайлы”– деди Өмүрбек Текебаев.
Ал депутаттарга кайрылып, Садыр Жапаровду жаңы өкмөт түзүлгөнгө чейин колдоп турууну, анын ойлорун, реформаларын ишке ашыруу үчүн идеалдуу шарт түзүп берүүнү суранды.
Ал дүйнөлүк практикада “биринчи 100 күн” деген түшүнүктү эскертип, мамлкет жетекчисинин өкмөттүн даяр программасы, иш планы болсо 100 күндө көп ишти бүтүрүп, аягына чыкпаса да баштап койсо болорун, 100 күндө болбосо, анда кийин да болбойт деген практикада тастыкталган чындык бар экенин айтты.
“Сизге тарых жана тагдыр ушундай сыноону, мүмкүнчүлүктү берип турат. Ийгилик каалайбыз, колдон келген жардамды аябайбыз” – деп Өмүрбек Текебаев Садыр Жапаровго кайрылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ