Ош облусундагы Чоң-Алайдагы кыргыздарга 100 миң сом акчалай жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы журналисттерге билдирди.
Алардын маалыматына караганда, Чоң-Алай районуна караштуу Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин жетекчиси жана депутаттары Алай районундагы Сары-Могол айылына көчүп келишкен памирлик кыргыздардан кабар алышкан. Чоң-Алай айылдык кеңеши аларга 100 миң сом жардам катары берген.
Эске сала кетсек, 2019-жылдын 23-декабрында 50 киши (11 памирлик үй-бүлө) Алай районунун Сары-Могол айылына көчүрүлүп келген. 2017-жылы Нарынга 50 памирлик кыргыз алынып келинип, жатаканага жайгаштырылган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ