Menu

Дональд Трамп: “АКШ президенти абсолюттук бийликке ээ”

Бөлүшүү:

14-февралда Нью-Йорк штатынын губернатору Эндрю Куомо эпидемия учурунда экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруу жөнүндөгү Трамптын кандайдыр бир жарлыгы штат жашоочуларынын ден соолугуна коркунуч жараткыдай болсо, чечимди сотто талашууга даяр экенин билдирди.

Куомо CNN телеканалына интервью берип, штат жана федералдык өкмөт арасындагы конституциялык талаш соттук териштирүүгө алып барышы ыктымал экенин белгиледи. Ал диктатордук ыкмаларды колдонуу – президент жасаган эң эле начар иш болуп каларын айтты.

Дональд Трамп дүйшөмбүдө журналисттердин алдында сөз сүйлөп жатып, штаттар президенттин макулдугусуз эч нерсе кыла албай турушканын билдирген. Ал АКШ Конституциясына таянуу менен: “Кимдир бирөө АКШнын президенти болуп турганда – анын бийлиги абсолюттук мүнөзгө ээ” деп айткан.

Трамптын бул сөзүнө белгилүү эки республикачыл сенатор каршы чыккан:

Вайоминг штатынын сенатору Лиз Чейни “Твиттерге” федералдык өкмөт абсолюттук бийликке ээ эмес экенин жазды. Флорида штатынын сенатору Марко Рубио: “Ооруларга каршы күрөшүү жана көзөмөлдөө борбору менен Ак үйдүн федералдык сунуштары чоң мааниге ээ, бирок Конституцияга жана акылга салсак, бул чечимдер штаттардын деңгээлинде кабыл алынышы керек”, – деди.

АКШда коронавирусту 613 миңден ашуун киши жуктуруп алды, 26 миңдей киши көз жумду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: