Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге тиешелүү болгон акча каражаты боюнча “Оптима Банк” тарабынан таратылган видео туралуу КР УКМКсы билдирүү таратты.
Экс-вице-премьер министрдин банктагы ячейкасы ачылган видео банк тарабынан 2017-жылы тартылышы мүмкүн.
Бул видео экс-вице-прмеьер министрге карата жүргүзүлгөн санкцияланган тергөө-иш чараларынын алкагында табылган. УКМК видеону декларацияда көрсөтүлбөгөн акча каражаттарынын далили катары кылмыш-ишине кошулганын жана анын жайылуусуна банктын эч кандай тиешеси жок экендигин маалымдайт.
Видеодо көрсөтүлгөн акча каражаттарын Зилалиев 2018-жылдын август айында өзү чыгарып кеткендигин белгилей кетүү керек.
Булак: KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ