Жалал-Абад шаарындагы тойканаларга көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу кечээ, 16-октябрда Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, текшерүүгө калаадагы тийиштүү тармактардын кызматкерлери катышып, 10го жакын кафе-ресторандар текшерилген. Жыйынтыгында эки жайда той өтүп жатканы аныкталып, буга чейин берилген эскертүүлөргө карабай мыйзамга баш ийбегендиктен электр жарыгы өчүрүлгөн.
Мындан кийин дагы бул багыттагы рейддер дагы да улантылат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ