Акыркы сутка ичинде Кыргызстандын аймагында 15 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аларды өчүрүүгө 17 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.
Бишкек шаарында- 4 өрт, Чүй облусунда- 2, Баткен облусунда- 1, Жалал-Абад облусунда- 1, Ош облусунда- 3, Талас облусунда- 3, Нарын облусунда- 1 өрт кырсыгы катталган.
Бишкекте Жибек-Жолу жана Сүйүнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде таштандылар күйүп кеткен. Өрт тууралуу маалымат тастыкталган эмес.
Ал эми, Садыгалиев көчөсүндө, Туран базарынын ичинде жайгашкан тигүү цехинин дааратканасында желим шып өрттөнүп кеткен.
Ошондой эле, Дордой-2 конушунда 40 кв.м. жыгач устундуу турак үйдүн чатыры күйүп кеткен.
Учурда өрттөрдүн себеби такталууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ