Menu

Садыр Жапаров: “Бакиевчилер келе жатат” деген сөздүн “модасы” деле түгөндү. Бул Роза Отунбаева оозуна келгенди эле айта берет экен”

Бөлүшүү:

“Эми Отунбаева эжекебиз оозуна келгенди сүйлөп коюп жатат, угуп атам аны” – деп билдирди 16-декабрда президенттикке талапкер Садыр Жапаров журналист Майраш Базлакуновага интервью берип жатып.

“Мен бийликке адилеттүүлүктү, мыйзамдуулукту, теңдүүлүктү орнотом деп келдим. Эртең элге, мамлекетке зыян келтирген болсо, Отунбаевчысы болобу, Бакиевчиси болобу, Атамбаевчы, Жээнбековчу же болбосо Жапаровчу, Ташиевчи болобу бардыгын жазага тартабыз. Бакиевчилер келе жатат деген сөздүн «модасы» деле түгөндү. Элге сиңбей турган со. Бул Роза Отунбаева айта турган сөз эмес эле”, – деди Садыр Жапаров.

Белгилей кетсек, экс-президент Роза Отунбаева журналист Майраш Базлакуновага маек берип жатып “Бийликке Бакиевдин адамдары кайрадан келүүдө” деген оюн айткан.

“Учурда Бакиевдин адамдары кайрадан бийликке кайтып келүүдө. Убагында журналисттердин артынан түшкөндөр, өлтүргөндөр азыр коопсуздук кызматында чоң кызмат ээлеп калды. Каякты караба Бакиевдин кишилери” – деп айткан Отунбаева.

https://www.instagram.com/tv/CI7dUI-lBVP/?utm_source=ig_web_copy_link

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: