Menu

Бухарада банк кызматкерлерин кардарларды түнкүсүн кыдырып, карыздарды өндүрүүгө мажбурлашууда

Бөлүшүү:

Бухара шаарында «Узсаноаткурилишбанктын» филиалынын жетекчилиги кызматкерлерин ар бир айдын акыркы үч күнүндө таңкы саат төрткө чейин иштөөгө мажбурлоодо.

«Эркин Европанын» өзбек кызматына арызданган кызматкерлердин катында, алар таңга чейин кардарлардын үйлөрүн кыдырып, карыз доолап жүрүшкөнү айтылат:

«Узсаноаткурилишбанктын» филиалынын жетекчиси Аваз Киличев ар бир айдын акырында бардык кызматкерлерди таң атканча иштетүүдө. 30-31-март дем алышка туш келгенине карабай, жумушта болдук. Банктан насыя алган кардарлар менен иштеп жатабыз. Эгер кардар насыяны төлөбөй жатса, биз анын үйүнө барганга милдеттүүбүз. Бизде да үй-бүлө, тиричилик бар. Аял кесиптештерибиздин күйөөлөрү алар үйгө түнөбөгөнү үчүн чыр сала башташты».

Кызматкерлер жетекчиликти Эмгек Кодексин сактоого чакырышууда.

«Узсаноаткурилишбанктын» Бухарадагы филиалынын жетекчилиги менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 56 = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: