Menu

Кыргыз-тажик чек арасы күчөтүлгөн тартипте кайтарылууда

Бөлүшүү:

Кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан Баткен облусундагы Көк-Таш айылында абал туруктуу, түн тынч өттү. Күч органдары дагы деле күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын Баткен районунун акими Кеңеш Салихов билдирди.

Акимдин айтымында, 21-январь түнү Көк-Таш айылынын милициясына Тажикстандын укук коргоо органдары кайрылып, тажик жараны сабалганына даттанган. Текшере келгенде маалымат ырасталган эмес. Эртеси жабыркады делген жаран айылдаштары менен бирге айыл өкмөтүнүн алдына келген. Алардын алдына айыл башчысы Разия Өсөрова чыкканда, аны сабап салышкан. Учурда Өсөрова ооруканада жатат.

Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу экенин жана кызматкерлери штаттык тартипте иштеп жаткандыгын билдирүүдө. Мекеменин маалыматы боюнча 22-январда Баткен районундагы Көк-Таш айылында эки өлкөнүн чек ара аймактарындагы жаштардын ортосунда чыр чыккан. Болжолдуу маалыматтар боюнча жаңжал маалында бир үй жана эки өлкө жарандарынын төрт унаасы зыянга учураган.

Чыр ошол эле күнү басылган. Учурда чек ара аймактарындагы абал эки өлкөнүн жергиликтүү бийликтери жана милиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө.

Ошол эле күнү Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү жолугушуп, тараптар чек арадагы абалды тынчтык жол менен жөнгө салуу боюнча бардык чараларды көрүү, окуянын келип чыгуу себептерин иликтөө, ошондой эле чек арага жакын жашаган калк арасында түшүндүрүү иштерин жандандыруу чечимин кабыл алган.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − 30 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: