2017-жылдын 5-июлунда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө Кара-Балта шаарынын 56 жаштагы М.Н. аттуу жашоочусу арыз менен кайрылган. Бул туурасында Чүй ОИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.
Себеби, ушул жылдын 5-июль күнү болжол менен таңкы саат 05:00 чамасында арыздануучунун үйүнө белгисиз жарандар кирип барып, үй ээсин бычак менен коркутуп, 7000 миң сом акчасын, 4 даана уюлдук телефонун жана алтын буюмдарын алып кетишкен.
Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери келишип, чогултулган материалдар боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин (каракчылык) негизинде кылмыш ишин козгошкон. Тергөө учурунда жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар шектүүлөрдүн өздүгү такталып, алар Кара-Балта шаарынын 28 жаштагы Т.В. жана 25 жаштагы Э.А. аттуу жашоочулары болуп чыккан. Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ