Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгы жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору 6-октябрдан баштап 2-6-класстын окуучулары үчүн мектептер ачууга уруксат берген жок.
Борбордун башкы дарыгеринин орун басары Мира Курманова журналисттерге билдиргендей, окуучуларды мектептерге кайтаруу боюнча ишти токтотуу чечими кабыл алынды.
«Азыр мектептер суук, жылуулук бериле элек. Мындан тышкары, август-сентябрь айларында балдарга жана өспүрүмдөргө коронавирус жуккан учурлар катталган. Ошол эле учурда, ОРВИ жана грипп сезону башталат. Билим берүү бөлүмү менен кеңешип, мектептердин ачылышын токтото турууну чечтик. Так качан мектептер ачылаары кырдаалга жараша чечилет», – деди Курманова.
Ал кошумчалагандай, Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан иштелип чыккан алгоритмди борбор калаадагы мектептерде бир класста 50 бала окугандыгына байланыштуу ишке ашыруу кыйынга турат.
2020-жылдын март айында КРнын мектептери жабылып, окутуу алыстан жүргүзүлдү. Ал 2020/2021 жаңы окуу жылында дагы ушундай форматта уланды, 1-сентябрдан баштап мектептерде биринчи класстын окуучулары гана окуп башташкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ