Бишкекте турак үйдөн зер буюмдарды уурдаган шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, милицияга “Алтын-Ордо” жаңы конушунун тургуну арыз менен кайрылган. Ал белгисиз адам анын үйүнө терезе аркылуу кирип, эки күмүш шакек, эки бермет зергер буюмду, алтын чынжырчаны жана билерикти уурдап кеткенин айткан.
Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, укук коргоо органдары 25 жаштагы шектүүнү кармашып, Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына өткөрүп беришкен. Факт катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси “Уурулук” боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө, шектүү “Алтын-Ордо” конушундагы дагы эки үйдү тоноого аракет кылгандыгы белгилүү болду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ