Милиция өтүп бара жаткан адамдарга кол салган деп шектелген жаранды издей баштады. Окуянын видеотасмасы социалдык тармактарга жарыяланган.
Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, окуя кечээ, 2-ноябрь күнү кечки саат 22:00дор чамасында аэропортко кеткен унаа жолунун боюндагы Манас айылындагы дүкөндүн жанында болгон. Белгисиз адам эч себепсиз адамдарды кууп, белгисиз буюм менен сабап баштаган. Натыйжада, өтүп бара жаткан адамдардын бири жаракат алып, ооруканага түшкөн. Шектүү белгисиз унаа менен качып кеткен.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси “бейбаштык” боюнча катталган.
Учурда Сокулук РИИБдин кызматкерлери аталган адамдын өздүгүн аныктоо жана кармоо боюнча бардык зарыл болгон тергөө-оперативдик иш-чараларын жүргүзүп жатышат. Бардык керектүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Сотко чейинки процесстер уланууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ