Кайра-кайра шайлоо боло берип, эл да митаам болуп калды. Күздөгү президенттик шайлоого карата штаб башчысы же агитатор боло тургандар талапкерлерди кадимкидей тандап, негизинен Бабанов менен Жээнбековго иштейбиз дегендер арбын болуп жатыптыр.
Анын себеби эле ушул экөөнүн бирөө президент болот, иштеген талапкерибиз өтүп кетсе чай-пайын кенен ичип, жеңишти чогуу белгилейбиз деп турушат дешет.
Анан калса, ишенген талапкерибиз ажо болуп кетсе айылдыктардын арасында аброюбуз бийик болот дегендери да бар. Ошол эле маалда айылдык, райондук, облустук деңгөөлдеги кызматтарга илинип калармын дегендер да арбын алардын
арасында.
Ошентип эки негизги талапкердин тегерегинде болчу саясый кармашты элибиз алакан ушалап күтүп турат десек болчудай.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ