Милициянын ишинин ачыктыгын, ыкчамдыгын камсыз кылып, жол кырсыктарын азайтууга багытталган “Коопсуз шаар” долбоорун чогуу-чаран ишке ашыруучу компанияга сынак жарыяланат. Бул тууралуу 1-вице-премьер-министр К. Боронов Парламентте билдирип, мындай деди:
— Биз башка өлкөлөрдө киргизилип жаткан долбоорлорду карап чыктык. Бизге Москва шаарындагы долбоор туура келет деп ойлодук. “Коопсуз шаар” долбооруна мамлекеттен акча жумшабайбыз. Тышкы инфраструктура, камераларды орнотуу, белгилерди коюу деген жумуштардын баарын сынактан уткан өнөктөш компанияга беребиз. Алар фото, видеофикациядан түшкөн материалдарды бизге сатуу аркылуу пайда табышат. Мамлекет башкаруу системасын өзүбүз даярдап жатабыз. Аны Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу “Инфоком” кызматынын алкагында жасайбыз.
Булак: “Ордо-пресс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ