Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-майда, Казакстан Республикасынын Нур-Султан шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) мааракелик жыйынына катышууда. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Учурашуу жана сүрөткө түшүү аземдеринен кийин ЖЕЭК Жогорку кеңешинин мүчөлөрү чакан курамда жолугушууга кетишти, анын жүрүшүндө ЖЕЭК алкагында интеграцияны мындан ары тереңдетүү боюнча чараларды талкуулоо пландалууда.
Андан соң мамлекет башчылары Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына кеңири курамда катышышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ