Бишкекте коомдук транспорт бүгүн, саат 22:30 токтотулат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирет жана ушул убакка чейин шаардыктарды үйүнө жетип алууну сурунат.
Коомдук тарнспорт дүйшөмбү күнү саат 06:00дө иштеп баштайт.
Мэрия шаар тургундарынан зарыл болбосо көчөгө чыкпай, санитардык эрежелерди, аралыкты сактоону өтүнөт.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарында эпидемиологиялык абал курчугандыктан, дем алыш күндөрү коомдук транспорттор гана эмес, такси кызматтары да иштебейт деген чечим кабыл алынган.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ