Жакында Чолпон-Ата шаарында “Коля киргиз” деген каймана аты бар “Мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаев салт боюнча чоң той берип, кызын узатты. Кудасы өзүнүн кыйышпас досторунан болот дешүүдө. Кудасы уулу менен келинине өкүл ата кылып айтылуу экс-генпрокурор Элмурза Сатыбалдиевди дайындаптыр. Тойго барган Элмурза Сатыбалдиевдин көңүлү эргип, гитараны колго алып, ыр жандуу экс-генпрокурор “Мыйзамдагы уурунун” алдында “Орус шансону” жанрындагы “Матросская тишина”, “Мурка” сыяктуу бир нече түрмө фольклоруна кирген ырларды бир укмуш, келиштире ырдап берди дешет.
Тойдогулардын баары ыраазы болуптур. Болгону “кызылдар” гана нааразы болуп жатканы айтылууда. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери ачууланып жерге түкүрүнүп жатышыптыр. Бирок Элмурза Сатыбалдиев “кызыл” болгону менен бир нече жыл “каралардын” жашоосун деле көрүп чыкпадыбы. Ошондуктан жакшылыктан көңүлү эргиген кишини түрмө романтикасы тартып кетсе керек да.
Баса, Элмурза Сатыбалдиев генпрокурор болуп турганда “Мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаев абакта олтурган.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ