Ички иштер министринин орун басары Памир Асанов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар өздүк булактарга таянып жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, анын ордуна Эркебек Аширходжаев дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров кол койду. Буйрукту Ички иштер министри Улан Ниязбеков жазган.
Белгилей кетсек, Аширходжаев Алмазбек Атамбаевдин ишин иликтеген ыкчам-тергөө тобунун башчысы болгон.
Ошондой эле, премьер-министр Садыр Жапаровдун буйругу менен дагы бир министрдин орун басары Алмазбек Орозалиев да ээлеген кызматынан бошотулду. Анын ордуна Октябрь Нурмамбетов дайындалды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ