Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун жаңы жетекчиси Нурлан Мамытовду эмгек жамаатка тааныштырды. Аталган фонддун ишмердүүлүгү эл аралык уюм катары өлкөнүн экономикасында маанилүү ролду ойной тургандыгын жана жаңы төраганын алдында маанилүү милдет – өлкө үчүн маанилүү болгон экономикалык долбоорлорду колдоону улантуу керек экендигин белгиледи.
Нурлан Мамытов өз кезегинде, фонддун ишин өркүндөтүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгын белгиледи.
Мамытов 2013-2017-жылдары “Айыл Банк” ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон.
Фонддун экс-башчысы А.Аалиев өз каалоосу менен кызматтан кеткен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ