Menu

Алматыда 15 миңдей мугалим Токаев убада кылган үстөк акыны ала элек

Бөлүшүү:

Алматыда 15 миң мугалим президент Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы менен мугалимдердин айлык акысына кошулушу керек болгон 25 пайыздык үстөк акчаны ала албай жатышат.

19-октябрда бул маалыматты Алматы шаарынын билим берүү башкармалыгы да ырастады.

– Биз республикалык бюджеттен төлөнүүгө тийиш болгон 25 пайыздык үстөк акыны төлөй албайбыз. Бизде педагогикалык ставкалар көбөйдү, каражат жетишпет. Кошумча каражат бөлүүнү сураганбыз. Өтүнүчүбүз канааттандырылды жана жакын арада кошумча каражат бөлүнөт, – деди Алматы шаардык билим берүү башкармалыгынын өкүлү Адиль Отарбаев.

Мугалимдер август жана сентябрь айындагы үстөк акыларын алышкан эмес.

Өткөн аптада “Фейсбуктагы” “Казакстан устаздары” тобунда Алматыда мугалимдердин айлык акысы кечиктирилип жатканы тууралуу маалымат жарыяланган.

“Педагог макамы жөнүндө” мыйзамга ылайык, 2020-жылы январдан тартып мугалимдердин эмгек акысы 25% көбөйүүгө тийиш. Ага чейин казак президенти Касым-Жомарт Токаев мугалимдердин маянасын төрт жыл ичинде эки эсеге көбөйтүүнү тапшырган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: