Кара-Көлдө майда мүйүздүү мал жандыгын уурдаган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 23-24-сентябрь күндөрү Кара-Кѳл шаардык ички иштер бөлүмүнө шаар тургундары К.З., К.А., А.К., М.Г. аттуу жарандар арыз менен кайрылышкан. Алар 14-сентябрдан 22-сентябрга чейинки аралыкта түнкү убакыттарда үйлөрүнүн короолорунан белгисиз кылмышкерлер майда мүйүздүү мал жандыгын (эчкилерди) уурдап кетишкендигин билдиришкен.
Жалпы 20 эчки уурдалып, келтирилген чыгым 150 миң сомго жакын сумманы түзгөн.
Жогорудагы фактылар Кара-Көл ШИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
Аталган кылмыштардын бетин ачуу максатында Кара-Көл ШИИБдин Криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында 2020-жылдын 25-сентябрь күнү Кара-Көл
шаарынын тургундары 1997-ж.т. Т.М., 2001-ж.т. А.Б., 2004-ж.т. Ж.Н. жана А.З. кармалган. Кылмыштуу топтун уюштуруучусу катары А.Б. 1 айга камакка алынса, ал эми калгандары үй камагына чыгарылган.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ