Бүгүн, 21-октябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Фейсбуктагы баракчасында билдирүү жазды.
“Официалдуу жумушка чыкканыма бүгүн 3-күн. Бул күндө 2 млрд сомдон ашык уурдалган акча өндүрдүк, тергөө аныктаса дагы төгөт. Мамлекетке зыян келтирген коррупционерлерден элдин акчасын кайтара баштадык. Бул башталышы гана, буйруса көптөгөн эл жегичтер менин тизмемде турат, баарын кустурабыз.
Ушул коррупционерлерди кустуруу операцияларында бир да укук коргоо органдарынын кызматкерлери бир сом дагы «взятка» алышпайт, баарын мамлекетке төктүрөбүз, бул маселелер жеке менин көзөмөлүмдө, эч кыжаалат болбоңуздар! Аларды камап кармап олтурбастан уурдаган акчасын төлөтүп, кийинки кылмыштарына бөгөт коебуз”, – деди Камчыбек Ташиев.
https://www.facebook.com/100001331310422/posts/4238698949517774/?extid=0&d=n
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ