Menu

Казакстанда парламенттин төмөнкү палатасына депутаттарды шайлоо 10-январга белгиленди

Бөлүшүү:

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев парламенттин төмөнкү палатасына – мажилиске шайлоону 10-январга белгиледи. Тиешелүү жарлык 21-октябрда Акордонун сайтына жарыяланды.

Жарлыкка ылайык, партиялык тизме менен депутаттарды шайлоо 10-январда, Казакстан эл ассамблеясы аркылуу депутаттарды шайлоо 11-январда өтөт.

Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоого даярдык көрүүнү уюштурууга тапшырма берилди.

Мажилистин азыркы чакырылышынын ыйгарым укуктары кийинки жылы март айында бүтөт. Мажилисте 107 депутат бар. Алардын 98и партиялык тизме менен, калганы Казакстан эл ассамблеясы аркылуу шайланат.

Казакстанда акыркы жолу мажилис шайлоосу 2016-жылы 20-мартта өткөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: