Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 1-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 24-беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык, Чодуев Эркинбек Урайымовичтин кызматтан кетүү жөнүндө өтүнүчү кабыл алынып, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ