Бүгүн, 21-октябрда Азиз Батукаевдин иши боюнча прокуратуранын кассациялык даттануусун кароо 16-ноябрга жылдырылды. Бул тууралуу адвокат Сергей Слесарев билдирди.
Анын айтымында, буга Жогорку соттун коллегиясынын судьяларынын биринин ооруп калганы себеп болгон.
“Бүгүн биз өлкөдөгү өзгөрүүлөргө байланыштуу мыйзам иштей баштайт деп күттүк” – деди ал.
Слесарев бул иштин ачык каралышын камсыздоону каалашарын кошумчалады. Жабык процесс Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана өлкөнүн мыйзамдарына каршы келет.
Белгилей кетсек, бүгүн, 21-октябрда Жогорку соттун имаратынын жанына экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары чогулуп, митинг өткөрүштү. Жалпысынан митингге чогулгандардын саны 70ге жакын. Алар соттон бул ишти акыйкат карап, Атамбаевди УКМКнын абагынан бошотууну талап кылышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ