Menu

Төрөкан Жунусбеков: “Эгерде мен мэрдин милдетин аткаруучу болсом Нариман Түлеевди кызматтан алуу боюнча буйрук даярдайм”

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын мэринин кызмат ордуна талапкер Төрөкан Жунусбековдун артыкчылыктуу багыты – коррупцияга каршы күрөшүү. Бул тууралуу ал маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурда коррупция көптөгөн багыттарда гүлдөп жатат. Бирок, кайсы жетекчилик коррупциялык схемаларга атайын катышып жаткандыгын айта алган жок.

Коронавирус пандемиясына каршы кантип күрөшүүнү пландап жатат деген суроого мэрдин кызмат ордуна талапкер: «Вице-мэр Алмаз Бакетаев бар. Мен ага кайрылам, маселени чогуу чечебиз”, – деди ал.

Төрөкан Жунусбеков вице-мэрдин креслосуна 26-октябрь, дүйшөмбү күнү отурууну пландап жатат. Ал Нариман Түлеев менен иштешүүгө макул эмес.

«Эгерде мен мэрдин милдетин аткаруучу болсом, Нариман Түлеевди кызматтан алуу боюнча буйрук даярдайм», – деди Төрөкан Жунусбеков.

Эскерте кетсек, Нариман Түлеев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кызматынан кетти. Буга чейин Азиз Суракматов кызматтан кеткен. Суракматов экс-мэр Нариман Түлеевди биринчи вице-мэрлик кызматка дайындаган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: