Menu

Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясында тинтүү иштери жүрүп жатат

Бөлүшүү:

Бүгүн, 24-октябрда азыркы учурда Борбордук шайлоо комиссиясында тинтүү жана документтерди алуу жүрүп жатат. Маалыматты БШКнын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, имаратта Свердлов районунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери бар.

Буга чейин Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөлөрү милицияга суракка чакырылышкан.

Эске салсак, 5-октябрда БШК Бишкекте массалык башаламандыктардан кийин шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп табууга аргасыз болгон. Элдин кыжырдануусунан улам, өлкөдө бийлик алмашып,  президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетти. Мамлекет башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу кызматы премьер-министр Садыр Жапаровго өттү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: