Menu

Республикалык наркологиялык борбордун кызматкерлери митингге чыгышты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 30-октябрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин жанында наркологиялык кызматтын жоюлушуна каршы митинг өтүп жатат. Бул тууралуу “Партнердук Тармак” Ассоциациясынын жетекчиси Айбар Султангазиев билдирди.

“Саламаттыкты сактоо министрлигинин имаратынын жанындагы митинг болуп жатат. Министрлик наркологиялык кызматты жоюп, имараттарды дерматовенерологиялык борборго өткөрүп берүүнү көздөп жатат!” – деп жазган ал Фейсбук социалдык тармагында.

Буга чейин Республикалык наркология борборунун кызматкерлеринин премьер-министр Садыр Жапаровго жана социалдык блок боюнча вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиевага ачык кайрылуусу социалдык тармактарда тараган.

Республикалык наркология борборунун кызматкерлери кайрылууда Саламаттыкты сактоо министрлиги имаратты жана Наркология борборунун аймагын Республикалык дерматовенерология борборуна (мындан ары – RCDV) өткөрүп берүү чечимин кабыл алышканын айтышкан.

Алардын айтымында министрлик, эч ким менен кеңешпей эле бул чечимди кабыл алган. Ал эми наркологиялык бөлүмдү психикалык бөлүмдгө кошууну көздөөдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 + = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: