Милициянын кайгуул кызматкерлери велосипед уурдаганга шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 30- октябрда болжол менен саат 14:00 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Жибек Жолу көчөсүндө жайгашкан мечиттин короосунан велосипед уурдап кетти деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча Милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1997-жылы туулган Д.Ж аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү белгисиз жаран мечиттин короосуна токтотуп койгон баасы 12 000 сомдук велосипедин уурдап кеткен. Ошол жаранды таап берүүнү өтүнгөн.
Чакыруу менен келген Милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам издөө иш-аракетин жүргүзүп, аз убакыттын ичинде кылмышка шектүү катары 1979- жылы туулган К. Б аттуу жаранды кармашып, Свердлов райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.
Бул факты боюнча Свердлов райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана Жооруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз республикасынын Жазык кодексинин 200-беренесинин (Уурдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ