Menu

Генпрокуратура: Мамлекеттик кызматкерлер жер тилкесин тоо-кен компаниясынын пайдалануусуна мыйзамсыз өткөрүп беришкен. Мамлекетке 1 миллиард сом зыян келтирилген

Бөлүшүү:

Мамлекетке 1 миллиард сомдон ашык суммадагы зыян келтирүү фактысы КЖБРге катталды. Бул тууралуу 5-ноябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, өкмөттүн 2006-жылдын 24-апрелиндеги токтому менен Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун аймагында жалпы аянты 25,270 га болгон Сандалаш корголуучу аймагы уюштурулган.

2012-жылдын август айында өкмөттүн токтому менен компаниялардын бирине алтынды иштетүү үчүн 3661 га жер тилкеси берилген, анын бир бөлүгү (1124,7 га) жогоруда аталган коруктун жерлерине таандык жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы болуп саналат.

Ошентип, мамлекеттик органдардын кызмат адамдары, мыйзамдарда белгиленген тартипти бузуу менен, жогоруда аталган жерлердин категориясын которбостон жана токой чарбасынын жана айыл чарба өндүрүшүнүн чыгымдарынын ордун толтурбастан, аларды тоо-кен компаниясына убактылуу пайдаланууга мыйзамсыз беришкен, натыйжада мамлекетке 1 миллиард сомдон ашык зыян келтирилген.

3-ноябрда бул факт КЖБРге Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) менен катталып, ал боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: