Menu

Самаков Арабаевдин айтканы менен соттолгонбу?

Бөлүшүү:

– Карганбек Самаков жана анын жакын беш адамын сот системасына көө жапкан, ошол кездеги соттордун кудайына айланган, сот тутумунун куратору Манас Арабаевдин түздөн-түз буйругу боюнча соттошту. Өзгөчө элпектик жана одоно мыйзам бузуу менен бул буйрукту Октябрь районунун соту Дамирбек Дүйшеевич Назаров аткарды. Президент С.Ш.Жээнбековдун Сот реформасы боюнча кеңештин кеңешмесинде сүйлөгөн сөзү алдыдагы позитивдүү өзгөрүүлөрдүн жышааны болуп калды. Ушул убакка чейин соттордон запкы жеген К.Самаковдун адвокаттары Дамирбек Назаровдун көптөгөн мыйзамсыз аракеттерине карата даттанууларды Соттор кеңешине караштуу тартип комиссиясына жазышты. Алар тарабынан чыгарылган ЖАСАЛМА өкүмдүн өткөн күн менен жасалышы өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Д.Назаров бир өкүмдү угузуп, үч күндөн кийин кол коюп, өзгөртүлгөн өкүмдүн жарымын берген. Бул деген ага даяр өкүмдү “флешкада” жүктөп алып келип беришкендиги жөнүндө кабарлайт. Ага иштин мөөнөтүн жана “Самаков менен анын баласын бүгүн, мынча жылга соттойсуң” деген шарт коюшкан. Мыйзам боюнча угузулган жана кол коюлган өкүм окшош болуусу керек. Ошондуктан сот Назаров иштен гана кетирилбестен, кылмыш жоопкерчилигине да тартылышы керек. Биз Соттор кеңешине караштуу тартип комиссиясынын жана башка тийиштүү органдардын Д.Назаровго мыйзам чегинде чара көрүүсүнө жетишүүгө аракет кылабыз жана буга абдан ишенебиз – дешет Самаковдун адвокаттары.

Булак: “Фабула” 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: