7-11-ноябрларда Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба-ырайы.
7-ноябрда жана 8-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
8-ноябрда күндүз Талас облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Талас облусунун дыйканчылык аймактарында жана Чүй облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.
9-ноябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.
10-11-ноябрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 8-ноябрда күндүз жана 9-ноябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
7-ноябрда Бишкек шаарында күтүлгөн атмосфералык абанын булгануусунун болжолу.
7-ноябрда аба бассейнинде зыяндуу заттардын таркалышына тоскоолдук алып келе турган чектелген жагымсыз метеорологиялык шарттар түзүлүп, абада зыяндуу заттардын концентрациясынын орточо суткалык кармалышы көтөрүнкү деңгээлде болушу күтүлөт.
7-11-ноябрларда Бишкек шаарында күтүлгөн аба-ырайы.
7-8-ноябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.
9- ноябрда жаан жаашы күтүлөт.
10-11-ноябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 9-ноябрда түнкүсүн 14 метрге жетиши күтүлөт.
7-11-ноябрларда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба-ырайы.
7-ноябрда жана 8-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
8-ноябрда күндүз Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
9-ноябрда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.
10-ноябрда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.
10-ноябрда күндүз жана 11-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 8-ноябрда күндүз жана 9-ноябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
7-11-ноябрларда Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба-ырайы.
7-8-ноябрларда жана 9-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
9-ноябрда күндүз кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.
10-11-ноябрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 9-ноябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
7-11-ноябрларда Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба-ырайы.
7-8-ноябрларда жана 9-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
9-ноябрда күндүз жаан жаашы мүмкүн.
10-11-ноябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 9-ноябрда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
7-11-ноябрларда Нарын облусунда күтүлгөн аба-ырайы.
7-8-ноябрларда жана 9-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 9-ноябрда күндүз кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. 10-11 ноябрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 9-ноябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. 12-13-ноябрларда Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба-ырайынын жакындатылган болжолдоосу. 12-13-ноябрларда туруксуз аба-ырайы күтүлөт: 12-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 12-ноябрда күндүз Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаашы, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 13-ноябрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаашы, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт. |
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ