Дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 50 миллиондон ашты. Бул маалыматты Жон Хопкинс университети келтирет.
9-ноябрга карата дүйнөнүн 190дон ашуун өлкөлөрүндө жана аймактарында COVID-19 жугуштуу оорусунун 50 325 072 учуру катталып, 1 255 489 адам көз жумган.
Вирусту жуктургандардын көпчүлүгү АКШда – 9,9 млн, андан кийин Индия 8,5 млн, Бразилия 5,6 млн.
COVID-19дон каза болгондордун саны боюнча АКШ дагы алдыңкы орунда турат. АКШда коронавирустун курмандыктарынын саны 237,5 миң адам, Бразилияда 162,3 миң, Индияда 126,1 миң адам.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ