Өзбекстан чек арадан өтүп кеткен кыргыз жарандарын Кыргызстанга өткөрүп берди. Бул тууралуу малекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, бүгүн, 19-февралда Баткен облусунун Кадамжай районундагы Чекелик айылынын аймагында Өзбекстандын чек арачылары 13 кыргызстандыкты чек араны мыйзамсыз өткөндүгү үчүн кармашкан. Алардын айтымында, кыргызстандыктар коңшу өлкөнүн чек арасына кокусунан өтүп кеткен.
Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кармалган 13 жаран кыргыз тарапка өткөрүлүп берилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ