Menu

Фоторепортаж — Бишкек шаарындагы кыргыз-түрк бизнес-форуму («Шератон» мейманканасы)

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-сентябрда, кыргыз-түрк бизнес-форумуна катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Түркиянын өз ара ишенимге негизделген өзгөчө мамилеси түзүлүп, натыйжада, кыргыз-түрк соода-экономикалык мамилелери динамикалуу темпте өнүгүп жатканын белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков тараптардын өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн 400 млн доллардан бир миллиард долларга жеткирүү ниети бар экенин баса белгиледи.

Кыргыз-түрк бизнес-форуму жыл сайын өткөрүлүүдө. 2018-жылы бизнес-форум Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдогандын Кыргызстанга расмий сапарынын алкагында болгон.

Дүйнөлүк аты бар «Шератон» мейманканасынын Кыргызстанда ачылып жатышына токтолгон Сооронбай Жээнбеков, бул өлкөдө туризмдин өнүгүшүнө оң таасирин тийгизет деп белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: