Кыргызстанда коронавирус менен ооругандар үчүн ооруканада орундуктардын жетишсиздиги жөнүндө көйгөйлөр жок. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Ал учурда коронавирус менен ооруган бейтаптарды кабыл алууга кайсы мекемелерде койко-орундуктар уюштурулганын айтты. Алар:
– Улуттук хирургиялык борбор – 13;
– Урология борбору – 150;
– №1 шаардык клиникалык оорукана (Пневмония менен ооруган адамдарды кабыл алат) – 190 керебет;
– Таш-Дөбө айылындагы Курортология институту. Пневмония менен ооруган, бирок коронавируска тапшырган анализини терс чыккан жарандар Воронцовка айылындагы медициналык мекемеге жөнөтүлөт. 120 керебет;
– Улуттук фтизиатрия борбору – 40 керебет;
– №6 шаардык клиникалык оорукана. Оорукана пневмония менен ооругандар бейтаптар менен иш алып барат;
– Темир жол ооруканасы – 40,
– “Манас” аэропортунун алыс эмес жерде обсервация уюштурулуп, 400 бейтапты кабыл алууга даяр.
– “Ак-Кеме” мейманканасы, 100 койко уюштурууга шарт бар.
“Азыр Кыргызстанда кошумча керебеттерди уюштуруу пландаштырылууда. Күн сайын өзгөрүүлөр болуп турат. Бүгүнкү күндө керебеттердин жоктугу жөнүндө маселе жок” – деп билдирди Нурболот Үсөнбаев.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ